Мугалимдер күнү менен!
“5-октябрь – Мугалимдердин кесиптик күнү” деп белгиленип келе жатат. Мугалим … кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесиптердин бири. Келечек ээлерине терең билим, тарбия берип, кадыр-баркка ээ болгон инсан. Андыктан адамдардын жан-дилине билим үрөөнүн сепкен мугалимдерге кандай алкыш айтсак да жарашат. Майрам күнү биздин кесиптештер сыйлыктар менен сыйланышты. Жеңиш Болотбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Дуйшенова Фарида Жеңишбековна Панфилов райондук администрациясынын “Ыраазычылык каты” , аскерге чейинки даярдоо мугалими Боронбаев Иманбек Абданбекович Панфилов райондук аскер комиссариатынын “Грамотасы” жана орус тили жана адабияты мугалими Раимкулова Айнажан Камчыбековна Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин “Ардак громатасы” менен сыйланышты. Сыйлыгыңыздар куттуу болсун!!!
Ошондой эле мектеп окуучулары концерттик программа даярдашып, эже-агайларды куттукташып, майрамдык маанайларын көтөрө алышты.
Комментарии