Саатов Зарылбек Артельбекович

Директор

Саатов Зарылбек Артельбекович 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап директор болуп кызматка келди.           Ал 1977-жылдын 25-январында Панфилов районунун Киров айылында туулган. 1984-жылы Киров орто мектебине 1-класска келген. 1994-жылы мектепти ийгиликтуу аяктап, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук УНиверситетинин физика жана технология факультетине тапшырган. Эмгек жолун 2001-жылы  Ж.Болотбеков атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп баштаган. 2002-жылы «Кайынды-Кант» заводунда кузот кызматында иштеген. 2003-жылдан бери ушул эле мектепте мугалимдик кесибин улантып келет.                                                                                                                                                                               Учурда үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.